27.06.2018 11:23

Чолпон-Ата шаарында  балдар үчүн шахмат турнири өткөрүлөт

Чолпон-Ата шаарында  балдар үчүн шахмат турнири өткөрүлөт

Чолпон-Ата шаарында 28 июндан-8 июлга чейин «Анатолий Карповдун кубогу»  аталышындагы  шахмат турнири өткөрүлөт. Бул туурасында «FOFINGO» спорттук ишканасы билдирди.  

Жаш өзгөчөлүктөрү  боюнча мелдешке катышуучулар 6 жашка чейинки, 8 жашка,  10 жашка  жана 12 жашка чейинкилер деп бөлүнөт.  

Азия жана Европа өлкөлөрүнөн 80дей  катышуучу келери күтүлүүдө. Жеңүүчүлөр  учун грамоталар, медалдар даярдалган.

Турнирге дүйнөнүн көп жолку чемпиону,  Орусиянын Мамдумасынын депутаты Анатолия Карпов, ФИДЕ вице- президенти – Георгиос Макрополус  жана улуттук шахматтын өкүлдөрү катышат. 

Уюштуруучулар: 

•       Президент аппараты 

•       Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик 

•       КР Шахмат федерациясы

•       «FOFINGO» спорттук ишканасы